Күрп-Сай суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган 13 жаранга айып салынды

Коом
Күрп-Сай суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган 13 жаранга айып салынды
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Нарын дарыясындагы Күрп-Сай суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлүп, 500 метрден ашык синтетикалык тор алынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, уруксат берүүчү документтери жок балык уулоо менен алектенген 13 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 13 миң сом айып салынды.

Мындан тышкары, үч жаранга карата келтирилген зыян боюнча доо коюлуп, тиешелүү актылар түзүлдү.