Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында Муниципалдык инспекцияга жана райондук администрацияларга 17 кызматтык унаа берилди.
Мэриядан маалымдашкандай, анда шаар башчысы Айбек Жунушалиев Муниципалдык инспекциянын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы аткарган иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бул иш-чара, балким, анчалык чоң эмес көрүнүшү мүмкүн, бирок шаарды натыйжалуу башкаруу үчүн абдан маанилүү. Муниципалдык инспекциянын салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. Мисалы, 2025-жылы жай мезгилинде ар бир транспорт каражаты көзөмөлдөнүп, тыюу салынган заттарды колдонгон мончолордун жана башка объектилердин ишмердүүлүгү текшерилди. Ошондой эле акыркы эки жылда салынган айып пулдардын суммасы инспекция түзүлгөнгө чейинки 2023-жылдагы көрсөткүчтөрдөн кыйла ашты”, — деди мэр.
Айбек Жунушалиев Муниципалдык инспекцияга мончолорду, социалдык объектилерди жана башка жылуулук менен камсыздалган мекемелерди текшерүү иштерин күчөтүүнү, айрыкча “Дордой” конушунда жана ага чектеш аймактарда көзөмөлдү арттырууну тапшырды.
Мэр материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана кызматтык техникаларды тапшыруу иштери мындан ары да улантыларын айтты.