Бишкек, 04.02.25. / Кабар/. Кыргызстан Москвада өтүп жаткан 2025-жылдын 3-февралында “Продэкспо-2025” аталышындагы 32-эл аралык азык-түлүк жана суусундуктар көргөзмөсүнө катышууда.
Иш-чарада Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү жана "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү мамлекеттик борборунун колдоосу менен КР Улуттук экспозициясынын ачылышы өттү.
"Продэкспо-2025" көргөзмөсүнө катышкан Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын 26 экспортко багытталган компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын жогорку потенциалын жана чет өлкөлөрдүн рынокторуна атамекендик экспортту илгерилетүү максатында экспортко багытталган кыргыз компанияларынын катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
3-февралда башталган эл аралык көргөзмө жана анын алкагында ачылган Кыргызстандын Улуттук экспозициясы 7-февралына чейин өтөт.
Маалымат үчүн: “Продэкспо” – бул Россияда жана Чыгыш Европадагы азык-түлүк жана суусундуктар боюнча эң ири эл аралык көргөзмө болуп саналат жана дүйнөлүк деңгээлдеги эң көп суроо-талапка ээ болгон 10 көргөзмөнүн катарына кирет. Быйылкы жылы көргөзмөгө 1835 компания катышууда, алардын ичинен 1383ү Россиядан, ал эми 453ү чет өлкөлүк. Экспоненттер катары 40ка жакын мамлекеттен келген уюмдар катышууда, алардын катарында Азербайжан, Аргентина, Армения, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Литва, Мексика, Непал, БАЭ, Сербия, Таиланд, Түркия, Өзбекстан, Франция, Чили, Швейцария жана Шри-Ланка бар. “Продэкспо-2025” көргөзмөсүндө дүйнөнүн алдынкы өндүрүүчүлөрү жана жеткирүүчүлөрү тарабынан сунушталган азык-түлүк жана суусундуктардын мыкты үлгүлөрү көрсөтүлөт.