Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 10 Февраль 2025 17:45
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Муратбек Иманкулов жана Сыргак Оморов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн министр Бакыт Сыдыков жаңы орун басарларды эмгек жамаатына тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда кызматтын негизги иш багыттары, анын ичинде адилеттүү атаандаштыкты камсыздоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Кыргызстандагы Монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө маселелери белгиленди.