Мишустин: ЕАЭБ өлкөлөрүнө өнөр жай кооперациясы жана азык-түлүк коопсуздугу маанилүү

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 12:25
WhatsApp Image 2026-08-07 at 09.19.57 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон-Ата, 07.08.26. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер өнөр жай кооперациясын, азык-түлүк коопсуздугун жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.

Мишустиндин айтымында, азыркы глобалдык чакырыктарга карабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүндө оң динамика байкалууда. Ички дүң өнүм, өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба жана чекене соода өсүп жатат. Өз ара соода да өнүгүүдө.

Россиянын өкмөт башчысы ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясын мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттердин өндүрүштүк кубаттуулуктарын, чийки зат базасын жана кадрдык потенциалын бириктирүү бирликтин индустриялык мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууга шарт түзөт.

"Өндүрүштү диверсификациялоого жана кооперацияны өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Мындай биргелешкен өндүрүштөр ар кайсы мамлекеттердин аймагында, анын ичинде Кыргызстанда да түзүлүшү мүмкүн", - деди Мишустин.

Ал бул маселелерди Беларуста өтө турган өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында кеңири талкуулоону сунуштады.

Мындан тышкары, Россиянын өкмөт башчысы ЕАЭБдин илимий-технологиялык өнүгүүсүнө байланышкан маселелерге токтолду. Анын айтымында, бирликтин илимий-технологиялык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык программасынын алкагында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы продукцияларды иштеп чыгуу, алдыңкы технологиялар жана тажрыйбалар менен алмашуу зарыл.

Михаил Мишустин Евразия экономикалык комиссиясына аталган стратегиялык программаны ишке ашыруу боюнча план даярдоону сунуштады.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бирликке мүчө мамлекеттер дан эгиндери, канаттуулардын эти, сүт, кант, өсүмдүк майы жана жумуртка сыяктуу негизги азык-түлүк товарларына болгон ички керектөөнү толук камсыз кылууга умтулушу керек.

Бул үчүн айыл чарбасын керектүү жер семирткичтер, мал чарбасын өнүктүрүүгө зарыл болгон коопсуз тоют кошулмалары жана заманбап ветеринардык препараттар менен камсыз кылуу маанилүү. Мишустин мындай продукцияларды өз өлкөлөрүндө өндүрүүнү кеңейтүү тышкы жеткирүүчүлөргө көз карандылыкты азайтарын белгиледи.

Ошондой эле, жыйында ЕАЭБ алкагында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынарын айткан Михаил Мишустин илимий даражалар тууралуу документтерди өз ара таануу боюнча макулдашуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, бул документ илимпоздорго, изилдөөчүлөргө жана новаторлорго алган билимин жана квалификациясын бирликтин аймагында эркин колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, жалпы каржы рыногун түзүүнүн алкагында брокерлерге ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биржаларында соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болору белгиленди.

Мишустин товарларды электрондук соодалоо боюнча макулдашуунун кабыл алынышын да маанилүү кадам катары атады. Анын айтымында, документ бизнес үчүн бирдиктүү жана түшүнүктүү эрежелерди түзүп, жарандар үчүн электрондук соода аянтчаларында товарлардын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзөт.

Россиянын өкмөт башчысы 1-октябрдан тарта Россияда платформалык экономиканы жөнгө салган жаңы мыйзам күчүнө кирерин маалымдады. Анын айтымында, бул документ электрондук соода чөйрөсүндө ачык-айкын эрежелерди түзүүгө багытталган.

Ал ЕАЭБдин товарларынын Россиянын электрондук соода аянтчалары аркылуу өтүшүн камсыз кылуу үчүн продукциянын шайкештигин баалоо боюнча маалыматтарды өз убагында жаңыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мишустин ошондой эле транспорттук-логистикалык процесстерди санариптештирүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Россия менен Беларустун ортосундагы темир жол жүк ташууларынын дээрлик бардыгы электрондук документтер аркылуу жүргүзүлүүдө. Казакстан менен бул көрсөткүч 80 пайызга жакындады.

"Мындай ыкма ишкердикти жүргүзүүнү кыйла жөнөкөйлөтүп, административдик жол-жоболорду тездетет", - деди ал.

Россиянын өкмөт башчысы ЕАЭБдин тышкы экономикалык байланыштарын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн да белгилеп, Кытай, Иран жана башка өнөктөш мамлекеттер менен кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

Анын айтымында, ЕАЭБдин тышкы байланыштарын кеңейтүү бирликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Россия ЕАЭБдин соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн санын көбөйтүүгө багытталган иштерди колдоого даяр.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"