Министрлик: 12-13-мартта Бишкектеги ЖОЖдор, мектеп, бала бакчалар онлайн форматка өтөт

Коом Загрузка... 11 Март 2025 13:13
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. 12-13-мартта Бишкектеги ЖОЖдор, мектеп, бала бакчалар онлайн форматка өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга Тажикстандын президентинин мамлекеттик иш сапары 2025-жылдын 12-13-мартында Бишкек шаарында өтө турганына байланыштуу, коопсуздукту камсыздоо жана иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, Бишкек шаарындагы төмөнкү багыттардагы билим берүү мекемелеринде окуу процесси дистанциялык режимде өткөрүлсүн:

- мектепке чейинки билим берүү уюмдары;
- мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү уюмдары (менчигинин түрүнө карабай);
- орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери (менчигинин түрүнө карабай).

Белгиленгендей, бул чечим көрсөтүлгөн иш-чаралардын өткөрүү мезгилинде күчүндө болот.

"Көрүлгөн коопсуздук чаралары билим берүү процесстериндеги ыңгайсыздыкты минималдаштырууга жана бардык катышуучулардын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.