Министр: Караколдогу драма театр бузулуп, ордуна заманбап конгресс-холл курулат

Маданият Загрузка... 14 Июль 2026 10:29
2900351.d18fdaaacbe.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Республикалык бюджеттен 2025-жылы 7 млрд сомго чукул акча бөлүнсө, быйыл айлык маянаны көбөйтүүнү эске алуу менен 10 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында "Биринчи радионун" түз эфиринен билдирди.

Андан тышкары, президенттин фондунан жаңы имараттардын курулушуна 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнүп берилген.

"Каракол шаарында авариялык абалдагы музыкалык драма театр бузулуп, анын ордуна жаңы заманбап конгресс-холл салынып жатат. Театр ушул конгресс-холлдун ичинде жайгашат. Райондук деңгээлдеги министрликтин балансында турган маданият үйлөрүн өткөн жылдан тартып четинен оңдоп баштадык. Ал эми айылдык клубдар, маданият үйлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгондугуна байланыштуу муниципалитетке караштуу", - деди Мамбеталиев.