Программалоо кыргыз тилинде: Окуучуларга IT-багытындагы 4500 китеп берилет

Билим 24 Июль 2026 09:50
731366317_3887505431392627_2314913398667116491_n (3).jpg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 09.39.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 09.39.19.jpeg
Алдыга
Артка
731366317_3887505431392627_2314913398667116491_n (3).jpg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 09.39.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 09.39.19.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Жалпы билим берүү мекемелерине 4500 нускада басылып чыккан "Балдар үчүн JavaScript" китеби акысыз таратылат.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, окуу куралын министрлик англис тилинен кыргызчага которуп, "Таалим-Форум" коомдук фонду басып чыгарган.

Белгиленгендей, ал буга чейин дагы 3 500 нускада басылып чыгып, китепканаларга таратылган. Бул анын экинчи ирет чыгарылышы саналат. Басып чыгарууну АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдоого алган.

"Китеп жөнөкөй жана кызыктуу тилде JavaScript программалоо тилинин негиздерин түшүндүрүп, балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана маалыматтык технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшөт", - деп айтылат маалыматта.