Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 2 млн 945 миң 58 нускадагы окуу-усулдук комплекстер басылып чыгарылды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, басма иштери алкагында төмөнкү окуу материалдары жарык көрдү:
Математика боюнча:
- 3-класс үчүн окуу китептери – 696 миң нуска.
Табигый илимдер боюнча:
- 3-класс үчүн "Мен жана дүйнө" – 714 миң 480 нуска;
- 5-класс үчүн (окуу китеби жана иш дептери) – 306 миң 360 нуска;
- 6-класс үчүн – 667 миң 580 нуска;
- 7-класс үчүн – 289 миң 930 нуска.
1-класс үчүн:
- "Наристе Алиппе" – 90 миң 380 нуска;
- "Жазуу жана боёо" – 90 миң 380 нуска;
- "Алиппеге даярдык" – 90 миң 380 нуска.
Министрликтен белгилешкендей, жаңы окуу-усулдук комплекстер окуучуларды сапаттуу билим берүү ресурстары менен камсыздоого багытталган.