Мектептеги окуучулардын жаңжалы. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгилүү болду

Коом Загрузка... 31 Январь 2025
836876b5-d358-47de-8bc9-2d711bfd6c4e.jpeg
copyright icon Иллюстрациялык сүрөт

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Социалдык тармакта мектептин дааратканасында окуучулар жалпылап бир баланы сабап жаткан видео тарады. Мушташка Арча-Бешик конушундагы №93 мектептин 6-классынын окуучулары катышкандыгы айтылууда.

"Кабар" агенттигине Бишкек шаардык билим берүү департаментинен билдиришкендей, бул окуя

29-январда борбор калаадагы №93 мектепте чоң танапис учурунда болгон.

Бүгүн аталган мектепте билим берүү мекемесинин жетекчилиги Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Анда жашы жете электер менен иштеген инспекторлор окуучуларга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Алар конфликтерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн жана агрессивдүү жүрүм-турумга жол берилбестигин айтып беришти. Ата-энелерге үйлөрүндө балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды", - деп маалымдашты департаменттен.

Ошондой эле Билим берүү департаментинен белгилешкендей, мындай окуялардын алдын алуу максатында бардык мектептерде жашы жете электер менен иштеген инспекторлордун катышуусунда иш-чаралар күчөтүлөт.