Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон иш сапарын жыйынтыктады

Коом 952 03 Февраль 2025 08:59
475769250_963069142669119_2757628368770281989_n.jpg
475837268_963070172669016_4568545623674077377_n.jpg
475834454_963069339335766_1914167604468704594_n.jpg
475079112_963069389335761_1406291552094677661_n.jpg
475826710_963069326002434_6297806713753485467_n.jpg
474773339_963069329335767_227969591947290942_n.jpg
Алдыга
Артка
475769250_963069142669119_2757628368770281989_n.jpg
475837268_963070172669016_4568545623674077377_n.jpg
475834454_963069339335766_1914167604468704594_n.jpg
475079112_963069389335761_1406291552094677661_n.jpg
475826710_963069326002434_6297806713753485467_n.jpg
474773339_963069329335767_227969591947290942_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон иш сапарын жыйынтыктады.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын соңунда Чүй облустук сотунун төрагасы Керезбек Есекеев төрагага сот адилеттигин камсыздоонун сапаты, ошондой эле кызматкерлерди эмгек жана аткаруу тартиби тууралуу маалымат берди.

Сот кызматкерлеринин иш шарттары боюнча бир катар маселелер көтөрүлүп, иш бөлмөлөрү жетишсиз экени жана бир бөлмөдө бештен кызматкер иштөөгө аргасыз болуп жатканы маалымдалды. Керезбек Есекеев бул маселени буга чейин да көтөргөнүн жана Чүй облустук сотунун аймагында жаңы административдик имарат куруу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча Сот департаментине кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирди. Бирок, Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын жетекчиси Эмилбек Ачикеев жаңы имарат куруу маселеси азырынча чечиле электигин маалымдады. Буга байланыштуу, Медербек Сатыев бир айдын ичинде бул маселени чечүү жолдорун карап чыгууну тапшырды.

Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов жергиликтүү соттор тарабынан кылмыш иштери боюнча кээ бир кемчиликтер жана каталар кетирилип жатканын белгилеп, судьяларды кылдаттык менен иш кароого чакырды. Ал мындай каталар жогорку инстанцияда соттук актылардын жокко чыгарылышына алып келээрин эскертти. Ошондой эле, жазык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын баса белгилеп, акыркы мезгилде Жогорку сот мыйзамдарды колдонууга байланыштуу 40ка жакын түшүндүрмө катттарды жергиликтүү сотторго жөнөткөнүн маалымдады.

Жогорку соттун судьясы Айбек Молдакунов да жогорку сот инстанциясына келип түшкөн иштерди кароодо жергиликтүү соттор тарабынан кетирилип жаткан айрым мүчүлүштүктөрдү белгилеп өттү. Ал Жогорку соттун Пленумунун токтомдорун иш процессинде туура пайдалануу өтө маанилүү экенин айтты.

Белгиленгендей, Медербек Сатыев Чүй облустук сотуна соттук тажрыйбаны жалпылоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, буга чейин бул багытта жүргүзүлгөн иштер жетишсиз болгонун белгиледи. Ошондой эле, сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керек экендиги баса белгиленип, судьяларга кысым жасоо аракеттери болгон учурда дароо кабарлоо керек экендигин айтты.

Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов өлкөдөгү бардык соттордо жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн маалыматтык стенддер орнотулганын маалымдады. Сотко кайрылган жарандар уюлдук телефон аркылуу QR-кодду колдонуп, өз пикирлерин билдире алышат. Бул сурамжылоонун жыйынтыктары сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү экендиги белгиленди.