Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы MCN Coin виртуалдык активи мамлекеттик каттоодон өтө электигин жана Кыргызстанда уруксат берилген виртуалдык активдердин реестрине кирбегендигин билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылдын март айынан бери «Бирик Туран» ЖЧКсы 12 миллион сом өлчөмүндөгү MCN Coin чыгарууну каттоо үчүн Финансылык көзөмөл органына бир нече жолу кайрылган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыктан каттоодон баш тартылган.
"MCN Coin Виртуалдык активдердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде жана Кыргызстандын лицензияланган криптобиржаларында катталган эмес жана лотереяларды же башка кызыктыруучу иш-чараларды өткөрүүгө уруксаты жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек,финансылык көзөмөл органы жарандарды бул активге инвестициялоонун тобокелдиктерин эске алуу менен, анын юридикалык статусу аныктала электигин жана жогорку кирешелүү убадалар тастыкталган экономикалык негизге ээ эместигин белгиледи.
Финансылык көзөмөл органы төмөнкү чараларды көрдү:
- 2024-жылдын 28-октябрында Ички иштер министрлигине MCN Coin компаниясына юридикалык баа берүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон.
- 11-ноябрда Ички иштер министрлиги бул фактыны каттап, алдын ала иликтөө иштерин баштаган.
- 9-декабрда финансылык көзөмөл органы виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдери боюнча Ички иштер министрлигине түшүндүрмөлөрдү жөнөткөн.
- 23-декабрда Ички иштер министрлиги финансылык көзөмөл органынан MCN Coin менен байланышкан кызыктыруучу лотереянын мыйзамдуулугу боюнча түшүндүрмө берүүнү суранган.
- 26-декабрда финансылык көзөмөл органы лотерея өткөрүүгө уруксат кагаздары жок экенин тастыктап, уюштуруучуларга чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.
- 2025-жылдын 15-январында Ички иштер министрлиги тарабынан финансылык көзөмөл органына тергөө иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу билдирүү келген.
- 20-январда финансылык көзөмөл органы MCN Coin боюнча болгон бардык маалыматты андан ары юридикалык баа берүү үчүн УКМКга өткөрүп берди.
Эске салсак, финансылык көзөмөл органы жарандар кандайдыр бир каржылык инструменттерге инвестиция салуудан мурун алардын мыйзамдуулугун текшерүүсү керектигин эскертет.
"Эгерде виртуалдык актив катталбаса жана расмий тизмелерде жок болсо, аны сатып алуу каржылык жоготууларга алып келиши мүмкүн. Бул ачык-айкын жөнгө салуу жана расмий статусу жок тез жана жеңил акча убадаларына ишенбей, этияттык менен иш алып баруу сунушталат",-деп айтылат маалыматта.