Бишкекте жаңы курулган көп кабаттуу үйлөр текшерилүүдө

Коом 1083 06 Февраль 2025 17:45
476410195_1019974913508568_784118724435042657_n.jpg
475979427_1019974996841893_3969199332453639278_n.jpg
475880648_1019974806841912_4285489530263539293_n.jpg
Алдыга
Артка
476410195_1019974913508568_784118724435042657_n.jpg
475979427_1019974996841893_3969199332453639278_n.jpg
475880648_1019974806841912_4285489530263539293_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Бишкекте жаңы курулган көп кабаттуу үйлөр текшерилүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 6-февралда “Дөөлөт курулуш” компаниясы салып жаткан көп кабаттуу жаңы үйлөрдүн өрт коопсуздугу, тийиштүү эрежелердин сакталышы текшерүүгө алынды.

Биринчи Май району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Өрттү көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн пландык кароонун негизинде айрым эреже бузуулар боюнча эскертүүлөр берилип, курулуш компаниянын жетекчилигине өрт коопсуздугу боюнча нускамалар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.