Мас абалында унаа башкарган мектеп бүтүрүүчүсү кармалды — ЖКККББ

Коом Загрузка... 27 Май 2025 09:06
copyright icon www

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Мас абалында унаа башкарган мектеп бүтүрүүчүсү кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, атайын рейд учурунда Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан “Toyota Vitz” үлгүсүндөгү унаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн токтотулган.

Текшерүү учурунда айдоочу айдоого укугу жок, айдоочулук күбөлүк албай туруп, ата-энесинин уруксаты жок мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган.

"Бул факты боюнча унаасы айып короо жайына токтотулуп, ата-энеси жана мектептин тарбия иштери боюнча завуч чакыртылып,түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.