Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Манас шаарында массалык мушташтан кийин 22 бала камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас шаардык милициясына 19-ноябрга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Спутник кичи районунда 15-20дай топ балдардын бири-бирине таш атышып урушуп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Бул окуя каттоого алынып, окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү материалдарды чогултуп, видеоматериалдар алынган.
Алардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ОИИБдин жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында массалык мушташка катышкан 23 баланын өздүгү такталган. Алардын ичинен 22 жаран кармалып, Манас шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынган. Ал эми 1 бала ооруканада дарыланууда. Анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат.
Иш учурда Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экени жана мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлөрү белгиленди.