Мамлекеттин колдоосу менен тартылган "Дарыгер" сериалынын бет ачары өттү

Маданият 01 Июль 2026 18:30
1.jpg
734022907_4439408116375887_2547332525138384942_n.jpg
735658465_1440187734497526_871153509674457453_n.jpg
735687608_1344438977753730_1547069760070411089_n.jpg
736199009_1155639547638953_8377095429767903743_n.jpg
736349476_1535260584960354_8541687901268317411_n.jpg
736440587_1014984104828243_7299663163072309613_n.jpg
736449073_1536587744485734_6541953727686865740_n.jpg
737325519_3978991279070932_3763999831721817971_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында "Дарыгер" сериалынын расмий бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, Мамбеталиев өз сөзүндө сериалдын коомдук маанисине токтолуп, ак халатчандардын талыкпас эмгегин чагылдырган долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин колдоосу менен ата мекендик кино тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

"Дарыгер" сериалы Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин эксперттик кеңешинин чечими менен колдоого алынган. Долбоорду тартууга мамлекет тарабынан 35 млн сом бөлүнүп, жыйынтыгында 10 сериялуу көркөм сериал жарык көрдү", - деди ал.