Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү өлкөнүн бардык мектептеринде рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.
Анын айтымында, алар орус тилиндеги бардык стенддерди жана материалдарды кыргыз тилине алмаштырууну талап кылышууда. Ал Улуттук комиссиянын башчысы Мелис Мураталиевден бул боюнча толугураак маалымат берүүнү өтүнүп, рейддер эмне максатта өткөрүлүп жатканын сурады.
Улуттук комиссиянын жетекчиси ал кандай окуу жай экенине карабастан, Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан бардык кулактандыруулар, маалымат такталары мамлекеттик тилде болушу керектигин билдирди.
"Биздин мамлекеттик тилиби - кыргыз тили. Бул мыйзамда жазылган. Ошондуктан бардык жарыялар жана маалыматтар мамлекеттик тилде жазылышы керек. Биз тилди окутууга аралашпайбыз. Алар каалаган тилде кулактандырууларды жайгаштыра алышат, бирок кыргыз тилинде сөзсүз болушу керек", - деди Мураталиев.
Ошондой эле ал Улуттук комиссия мектепдерде рейд жүргүзүп жатат деген маалыматты төгүндөдү.
"Биз рейд эмес, мониторинг жүргүзүп жатабыз", - деди чиновник.