Мамлекеттик тил күнү: Башка улут өкүлдөрүнүн кыргыз тилине болгон сүйүүсү

Коом 23 сентябрь 2026 10:35
Мамлекеттик тил күнү: Башка улут өкүлдөрүнүн кыргыз тилине болгон сүйүүсү
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү. Бул күн 1989-жылы кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгенден тарта тарыхый дата катары белгиленип келет. Быйыл бул тарыхый датага 37 жыл толду.

Бүгүнкү күндө кыргыз тилин эне тили катары сүйлөгөндөр менен катар аны башка улуттун өкүлдөрү да үйрөнүп, күнүмдүк турмушунда колдонуп келишет. Алардын арасында тилди атайын курстардан үйрөнгөндөр да, кыргыз тилдүү чөйрөдө жашап, адамдар менен баарлашуу аркылуу өздөштүргөндөр да бар. Алар үчүн кыргыз тили жаңы сөздөрдү үйрөнүү менен гана чектелбестен, өлкөнүн маданияты жана салты менен жакындан таанышууга жол ачат.

Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кабар” агенттиги кыргыз тилин билген башка улуттун өкүлдөрү менен маектешип, алардын тил үйрөнүү жолун жана кыргыз тили тууралуу ойлорун укту.

Толик Кыргыз каймана аты менен таанымал блогер Анатолий Разгоняевдин тили кыргызча чыгып, бирок өзү орус тилинде билим алган. Ага карабастан кыргыз тилинде ойлонуп, эркин сүйлөп, күнүмдүк жашоосунда кеңири колдонуп келет. Ал кыргыз тилин билүү адамга ар кандай кырдаалда жардам берерин айтып, жаш муунду тилге кичинекей кезинен үйрөтүү керектигин белгилейт.

Анатолийдин айтымында, анын үй-бүлөсүндө кыргыз жана орус тилдүү чөйрө бар. Өзү кыргызча ой жүгүрткөндүктөн, орус тили ага салыштырмалуу оорураак экенин белгиледи.

“Кыргыз тилин 100 пайыз билем деп айта албасам дагы нукура адабий тилде деле сүйлөй алам. Мага кыргыз тилиндеги өзгөчө жаккан сөз — бул “Кудай буюрса” деген сөз”, — дейт блогер.

Ал кыргыз тилин билүүнүн турмушта да пайдасы тийгенин айтып, орус тилдүү тааныштарына батир издөөгө жардам берген учурун мисал келтирди. Анын айтымында, кыргызча сүйлөшкөндөн кийин батир ээлеринин мамилеси өзгөргөн.

“Тааныштарым батир издеп үч-төрт жерге телефон чалышса, макул болбой коюшкан экен. Анан мен кыргызча сүйлөшсөм, “Болду, иним” деп макул болушкан”, — деди ал.

Блогер кыргыз тилин кеңири жайылтуу үчүн балдарды кичинекей кезинен кыргызча сүйлөөгө көндүрүү зарыл деп эсептейт. Ал ата-энелерге балдары менен кыргызча сүйлөшүп, мультфильм көрсөтүп, китеп окуп берүүнү сунуштады.

“Менин оюмча, кыргыз тилине болгон тарбия үй-бүлөдөн башталат. Бала түшүнбөй жатса деле кыргызча сүйлөй бериш керек. Кыргызча мультфильмдерди көрсөтүп, китептерди окуп берүү зарыл. Орус тилин кийин мектептен, досторунан үйрөнүп алат”, — дейт Анатолий.

Ал өзү кыргыз тилинде ойлонгондуктан жана кесибине байланыштуу кыргызча китептерди окуй турганын айтып, “Оратордук искусство”, “Актёрдук чеберчилик” сыяктуу эмгектерди мисал келтирди.

Мамлекеттик тил күнүнө карата блогер кыргызстандыктарга өлкөнүн мындан ары да өнүгүп, дүйнөгө кыргыз тили, улуттук кийимдери, тамак-ашы жана маданияты менен таанылышын каалады.

“Кыргызстаныбыз өнүгө берсин, өсө берсин! Дүйнө жүзүнө тили менен, жан дили менен, улуттук атрибуттары, кийимдери жана тамактары менен таанылып жүрө берсин”, — деген каалоо-тилегин айтты ал.

Кыргыз тилин үйрөнүп эле тим болбостон, аны башкаларга үйрөтүп келе жаткан немис улутундагы мугалим жана китептин автору Виктория Кринвальд кыргыз тилине болгон кызыгуусу бала кезинен башталганын айтат.

Ал 10 жашында Казакстандан Кыргызстанга келген. Ал кезде кыргыз тилин билчү эмес. Бирок мектепте окуп жүргөндө кыргыз тилине кызыга баштаган.

“Биз бешинчи класста жат жазуу жазганбыз. Ошондо мен казак тилиндеги куйрукчасы бар “қ”, “ұ”, “ә” сыяктуу тамгаларды жазып коюптурмун. Мугалим таң калып, “Эмне үчүн бул тамгаларды колдонуп жатасың? Кыргыз тилинде андай тамгалар жок”, — деди. Ошондо менде “Эмне үчүн бир тилде бар тамгалар экинчисинде жок?” деген суроо пайда болуп, ошондон кийин кыргыз тилине кызыга баштадым”, — деп эскерет ал.

Бүгүнкү күндө Виктория Кринвальд кыргыз тилин курстар аркылуу үйрөтүп, социалдык тармактарда да тил тууралуу материалдарды чыгарат. Анын айтымында, кыргыз тилинин өзгөчөлүгү — анын логикага негизделгенинде.

“Кыргыз тили аябай оңой, анын өзүнүн логикасы бар экенин түшүндүм. Логика аркылуу тилди үйрөнүүгө болот. Курстарыма келгендер грамматика менен эле чектелбестен, жаңы сөздөрдү үйрөнүп, көп практика кылышат”, — дейт мугалим.

Анын курстарына кыргыз тилин таптакыр билбеген адамдар да келет. Айрымдары кыргыздардын сүйлөгөнүн түшүнбөй турганын айтып, тил үйрөнүүгө кызыгышат.

“Кээ бир окуучуларым кыргызча бир да сөз билбей келишет. “Кыргыздар бат сүйлөйт, биз аларды түшүнбөйбүз. Автобуста бирөө кыргызча сүйлөп калса, такыр түшүнбөйбүз”, — дешет. Бирок бир-эки ай окугандан кийин көп сөздөрдү жана жөнөкөй сүйлөмдөрдү түшүнө башташат. Жөнөкөй сөздөр менен сүйлөшүп, жооп бере алышат. Эки-үч айдан кийин автобустагы жарыяларды окуп, түшүнүп калгандар да бар”, — деди ал.

Виктория Кринвальд өзү да кыргыз тилин үйрөнүүнү улантып келет. Ал жаңы сөздөрдүн маанисинен жана тилдин түзүлүшүнөн дагы деле көп нерсеге таң каларын белгилейт.

“Кыргыз тилин өзүм дагы тереңден үйрөнүүнү улантып, китептерди көп окуйм. Жаңы сөз уккан сайын таң калам. Себеби, айрым учурларда бир эле сөздө бир нече маани бар экенин көрөсүң. Грамматиканы окуучуларга түшүндүрүп жатып, өзүм да таң калам. Кыргыз тилинде абдан көп кызыктуу нерселер бар”, — деди Кринвальд.

Ал кыргыздын жомокторун, макал-лакаптарын жана табышмактарын да окуучуларына үйрөтөт. Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги ырларды угуп, тилди практика жүзүндө колдонууга басым жасайт.

“Жомокторду көп окуйм, макалдарды жана табышмактарды үйрөнөм. Алар абдан кызыктуу. Ошолорду окуучуларыма да айтып берем. Баарыбыз чогуу жаттайбыз, көп окуйбуз, кыргызча ырларды угабыз”, — деп кошумчалады ал.

Кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрү өздөштүрүп, күнүмдүк жашоосунда колдонуп жатканы тилдин коомдогу ордун дагы бир ирет көрсөтөт. Алардын ар бири кыргыз тилине ар башка жол менен келгенине карабастан, кыргыз элинин маданиятын, салтын жана дүйнө таанымын жакындан таанып жатышат. Бул болсо мамлекеттик тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуу ар түрдүү чөйрөдө өсүп жатканын айгинелейт.