Мамлекет башчысы чет жакта жүргөн мекендештерге ыраазылыгын айтты

Президент 11 сентябрь 2026 22:41
Мамлекет башчысы чет жакта жүргөн мекендештерге ыраазылыгын айтты
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Талас, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп келгенин айтып, аларга ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Талас шаарында өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө учурунда айтты.

“Учурдан пайдаланып, эң алды менен мына ушул максат-мүдөөлөрүбүздү ишке ашырууга дем берип, колдоп жаткан эл-журтума – силерге ыракмат айтам. Ошондой эле ондогон жылдардан бери чет жакта иштеп, жашап жүргөн мекендештерим тууралуу айта кетейин. Сыртка чыкканда Мекендин баркы өзгөчө билинет, өлкөгө болгон сүйүү артат. Муну жеке өзүм да жакшы билем. Сиздер соңку 35 жылда Кыргызстандын экономикасынын бир бөлүгү болдуңуздар. Бул үчүн кыргыз мамлекетинин башына келген ар бир жетекчи ыраазычылыгын айтышы керек.
Кечээ жакында болуп өткөн ири иш-чаралардан кийин өлкөбүздүн жарандары да, төгөрөктүн төрт бурчун кезип жүргөн мекендештерибиз да потенциалы бийик чыныгы Кыргызстандын жараны экенине эт жүрөгү элжиреп, “Кыргызстан – менин Мекеним!” деп көкүрөгү толо кубаныч менен сыймыктанып жатканын көрүп, мен да абдан кубандым. Мунун өзү – өзүн өзү таануу дегенди билдирет”, - деди президент.