Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. “Гармония сулуулукту жаратат” Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөрү көргөзмөсү Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштардын тереңдигин, эки элдин өз ара урмат-сыйын жана достугун чагылдырган маанилүү маданий окуя. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев аталган көргөзмөнүн ачылыш салтанатында билдирди.
Анын айтымында, байыркы Кытай цивилизациясы дүйнөлүк тарыхта өзгөчө орунду ээлеген, өтө маанилүү жана орчундуу цивилизация.
“Байыркы Кытай цивилизациясынын миңдеген жылдар бою калыптанган маданияты, философиясы, көркөм өнөрү жана эстетикалык дүйнө таанымы адамзаттын жалпы маданий мурасына айланды. Бүгүнкү көргөзмөнүн аталышы да терең мааниге ээ. Гармония адам менен жаратылыштын, коом менен маданияттын өткөн менен бүгүнкүнүн өз ара байланышын билдирген түшүнүк. Бул баалуулук кыргыз жана кытай элдеринин маданий дүйнө таанымында да өзгөчө орунга ээ.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий кызматташтыктын жаңы көрүнүшү катары музейлердин ортосунда бул иш-чара өткөрүлүп жатат. Кытайдын атактуу Тяньцзинь музейи мен билгенден 200 миңдей экспонатты камтыйт. Анан Ички Монголиядагы музей жана биздин Тарых музейи биргелешип бүгүнкү ачылган көргөзмөнү өткөрүүдө. Албетте, 200 миң экспонаттын ичинен тандап алып келиш кыйын. Бул көргөзмө үч музейдин фондунан топтолгон 153 баалуу экспонатты камтыйт. Алардын ичинен 115 экспонат Тяньцзинь музейинен, 30 экспонат Ички Монголия музейинен, 8 экспонат Улуттук тарых музейинен коюлууда”,- деди мамлекеттик катчы.
Белгиленгендей, коюлган экспонаттар аркылуу көрүүчүлөр байыркы Кытайдын тарыхы, маданияты, көркөм өнөрү жана элдин эстетикалык түшүнүктөрү менен жакындан тааныша алышат.
Мамлекет катчы өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын мамилелери бүгүнкү күндө саясий жана экономикалык кызматташтык менен гана чектелбестен, маданий-гуманитардык байланыштар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, достукту бекемдөөнүн маанилүү багыты болуп санала турганын билдирди.
“Гармония сулуулукту жаратат” көргөзмөсүнүн Кыргызстанда өткөрүлүп жатышынын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү бар. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстанда өтүүчү саммитинин алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири катары уюштурулууда. ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык аянтча. Мындай иш-чаранын алкагында маданий мурастарды кеңири коомчулукка таанытуу мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүү жолу”,- деди Койчиев.
Ошондой эле сөзүнүн соңунда ал элдердин, мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдеткен мындай иш-аракеттердин аркасында музейлердин ортосундагы кызматташтык өнүгүп, бири-бирибизди таанууга, өткөндү түшүнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук тарых музейинде “Гармония сулуулукту жаратат” аталган Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө Улуттук тарых музейинин, Кытайдын Тяньцзинь музейи менен Ички Монголия музейинин экспонаттары коюлган. Көрүүчүлөр шейшемби күндөн жекшемби күнгө чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин келип көрүшсө болот. Көргөзмө 15-ноябрга чейин уланат.