Мамбеталиев: Маданият министрлигине делегаттардан 91 кайрылуу келип түштү

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 16:10
photo_5361556732896807851_y.jpg
copyright icon Президенттин администрациясы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. IV Элдик курултайда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине делегаттардан жалпысынан 91 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү аймактардагы маданият үйлөрүн оңдоп-түзөө маселесине байланыштуу болгон.

“Делегаттардын көпчүлүгү маданият үйлөрүн оңдоп берүүнү суранышты. Биз аларды мүмкүнчүлүккө жараша бирден карап, оңдоого аракет кылабыз. Ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбайт”, - деди министр.

Ал министрлик бул багытта иш алып барып жатканын, жер-жерлердеги маданият объектилерин жакшыртуу мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү максаттардын бири экенин кошумчалады.