“Мадина” базарындагы өрт: Экспертиза жүргүзүлөт — Кабар

“Мадина” базарындагы өрт: Экспертиза жүргүзүлөт

Коом 30 август 2026 17:00
IMG_1683.jpeg

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. "Мадина" базарынын аймагында чыккан өрт кырсыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-августта эки соода контейнеринен өрт чыккан.

Такталган маалымат боюнча, аталган контейнерлердин эшиги бир күн мурда кечинде жабылган.

Текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан видеокөзөмөл камераларындагы видеолор алынып, иликтенди.

“Видеого ылайык, контейнерлер жабылгандан кийин аларга жакындаган же түздөн-түз жанында болгон бөтөн адамдар катталган эмес”, - деп белгилешти ИИМден.

Ошондой эле министрлик учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын жана өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлады.