Өлкөнүн сот тутумун санариптештирүү боюнча бирдиктүү координациялык жумушчу топ түзүлдү

Коом 1310 01 Апрель 2025 17:22
89a730c4-067e-4339-a265-159db09e1f42_cx0_cy5_cw0_w1200_r1.avif
487327462_1007975204845179_7436312272982563500_n.jpg
487361130_1007975354845164_2654065637554152253_n.jpg
487380545_1007975054845194_6834278267974894090_n.jpg
487401119_1007975201511846_4990579034014097037_n.jpg
487402249_1007974751511891_6531937830227040925_n.jpg
487435661_1007975138178519_7989175765883455793_n.jpg
487503302_1007975131511853_6367515055338393015_n.jpg
487805983_1007975078178525_2651124287450849111_n.jpg
487883636_1007975208178512_3034931404317716778_n.jpg
487950516_1007974628178570_1724653340628788667_n.jpg
488135296_1007975164845183_7618215456692684003_n.jpg
488684009_1007975101511856_2846636490393103373_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бүгүн Медербек Сатыевдин төрагалыгы астында Жогорку соттун төрагасынын буйругу менен түзүлгөн сот тутумунун санариптик өнүктүрүү боюнча координациялык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жумушчу топко кылмыш иштери жана жарандык иштер боюнча судьялар, "Адилет сот" маалымат технологиялары мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирди.

Медербек Сатыев жумушчу топ сот системасын санариптештирүү боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөнүн белгиледи. Отурумдун жүрүшүндө ишти оптималдаштыруу үчүн багыттар боюнча милдеттерди бөлүштүрүү менен бирдиктүү жумушчу топ түзүлгөндүгү айтылды.

Төрага жыйындын катышуучуларына президент Садыр Жапаровдун Судьялардын XIII курултайынын жүрүшүндө айткан сөздөрүн эскертип, сот тутуму өз ишинде санариптик технологияларды киргизүүнү тездетиши керек экенин өзгөчө белгиледи.

Отурумдун алкагында төрагага сот системасын санариптештирүүнүн азыркы абалы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын "Укук" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштеп жаткан кылмыш иштери боюнча санариптештирүү блогу боюнча жумушчу версия сунушталды.

Жыйында жумушчу топтун алдында турган негизги маселелер талкууланып, ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

Жыйындын соңунда Медербек Сатыев бир нече тапшырмаларды берип, алардын аткарылышы үчүн кыска мөөнөттөрдү белгиледи.