Ат-Башыда жаңы сот имаратынын курулушу башталды

Аймак 9 сентябрь 2026 10:20
797888836_1009459642107210_9007282024440019754_n.jpg
799150161_3464126613748068_5381495357016116444_n.jpg
799910320_826903043814079_1424584150857693280_n.jpg
800066855_1379010081102474_2202969421803926801_n.jpg
800826402_1692265298507523_9148640437254895268_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Жаңы имаратта судьялар жана сот кызматкерлери үчүн зарыл шарттар түзүлүп, жарандарга сот кызматтарын көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр каралат.

Курулушту баштоо иш-чарасына катышкан Медербек Сатыев соттун натыйжалуу иши заманбап имарат менен катар судьялардын кесипкөйлүгүнө, калыстыгына жана мыйзамдуулукту сактоосуна байланыштуу экенин белгиледи.

Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берип, сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана район тургундары үчүн сапаттуу сот кызматтарын камсыз кылууга багытталат.