Өлкөнүн аймагында күйүүчү майды мыйзамсыз сатууга каршы рейд жүрүүдө

Аймак 1104 10 Февраль 2025 16:35
477947533_1022898829882843_4864780245628722940_n.jpg
477185638_1022898783216181_580935589043740792_n.jpg
476560066_1022898839882842_3951322499939505188_n.jpg
476513257_1022898759882850_7389802639443214625_n.jpg
Алдыга
Артка
477947533_1022898829882843_4864780245628722940_n.jpg
477185638_1022898783216181_580935589043740792_n.jpg
476560066_1022898839882842_3951322499939505188_n.jpg
476513257_1022898759882850_7389802639443214625_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Өлкөнүн аймагында күйүүчү майды мыйзамсыз сатууга каршы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын инспекторлору Жайыл, Москва жана Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен бирге мыйзамсыз сакталган жана көчө боюнда башаламан сатылган күйүүчү-майлоочу майларды текшерүү рейди өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Кара-Балта, Беловодск, Александровка жана Чалдовар айылдарында күйүүчү майлар мыйзамсыз сатылып аткан 9 түйүн аныкталды. Уруксаты жок сатуу менен алектенген адамдарга мындай аракеттер коопсуздукка каршы келээрин түшүндүрүп, эл көп чогулуучу коомдук жайларда, жол жээгинде сатууга болбой турганын эскертишти.

Эске салсак, өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан өрттүн пайда болушун, ири материалдык чыгымдарды жана адам өмүрү үчүн олуттуу коркунучтарды жаратат.

"ӨКМ адистери күйүүчү майлар уруксат берилген атайы май куюучу жайларда гана сатылышы керектигин эскертет",-деп айтылат маалыматта.