Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаевдин Кыргызстанга акча каражаттарын алып кирүүдө жаралып жаткан көйгөйлөр тууралуу айткан билдирүүсүнө жооп берди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, акча каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө көзөмөл Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелеринин чегинде гана жүзөгө ашырылат.
“Бул чаралар финансылык коопсуздукту камсыздоого жана мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы күрөшүүгө багытталган”, - деп белгилешти УКМКдан.