Өлкөдөгү 93 кесиптик лицейге жаңы имараттарды куруу сунушталды

Билим
Өлкөдөгү 93 кесиптик лицейге жаңы имараттарды куруу сунушталды
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Кыргызстандагы 93 кесиптик лицейдин барын беш же он жылдык мөөнөттө заманбап окуу-методикалык комплекстерге айландыруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Кызыл-Кыя шаарындагы көчмө жыйында билдирди.

Депутаттын белгилешинче, кесиптик лицейлерде окуу жана административдик имараттардан тышкары лабораториялар, усулдук бөлмөлөр, эс алуу жайлары жана жатаканалар болушу зарыл. Ошондой эле учурдагы инфраструктураны жаңылап, заманбап шарттарды түзүү керек.

"Жалпы билим берүүчү мектептерге караганда кесипке багыттоочу лицейлер бир-эки тепкич жогору турушу керек. Ошондуктан 93 лицейдин баарын беш же он жылдык планга киргизип, заман талабына ылайык жаңы имараттарды куруп берүү зарыл", — деди ал.

Мындан тышкары, депутат лицейлерде спорттун кеминде беш түрү боюнча аянтчаларды курууну, маданият жана искусство ийримдерин уюштурууну, маданий иш-чаралар өткөн залдарды жана көркөм адабияттарга бай китепканаларды түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай шарттар окуучулардын кесиптик билим алуусу менен катар интеллектуалдык, маданий жана физикалык жактан өнүгүүсүнө да өбөлгө түзөт.