Аймактарда транспорттук көзөмөл пунктарынын иши текшерилди

Коом Загрузка... 06 Апрель 2026 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин жетекчиси Жыргалбек Дыканбаев Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына болгон иш сапарынын алкагында транспорттук көзөмөл пункттарынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Жыргалбек Дыканбаев автоматташтырылган маалымат тутумдары жана таразалардын иштөөсүн жеринде көрдү. Кыдырууда көзөмөл пункттарындагы абалды жакшыртуу, иреттөө зарылдыктары белгиленди.

Ошондой эле аймактык башкармалыктарда жыйындар өткөрүлүп, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу, милдеттерди так аткаруу, эмгек тартибин сактоо жана алдын алуу боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, аймактарда айылдарды каттамдар менен камсыздоо, унаа жолдорун сактоо жана транспорттук көзөмөл саясатын туура жүргүзүү менен көзөмөлдү күчөтүү тапшырмалары берилди. Ошол эле учурда жүргүнчү жана жүк ташуучу мекеме өкүлдөрү менен да жыйындар өттү.