Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Кыргызстан улуттук электр тармагы быйыл 6 көмөк чордонун курууну пландап жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш планынын алкагында "КУЭТ" ААКсы 2025-жылы өлкө боюнча 6 110 кВ жана 35 кВттык көмөк чордондорун курат. Курулуш иштери компаниянын эсебинен жүргүзүлөт.
Алдыда төмөнкү курулуш иштери жасалат:
- Бишкек шаарындагы "Алтын-Казык" 110/10 кВ көмөк чордонуна 2-кезек;
- Жалал-Абад облусунда 110/35/10 кВ "Дача" көмөк чордонун:
- Баткен облусунда 110/35/10 кВ "Промышленная" көмөк чордонун;
- Нарын облусунда 110/35/10 кВ "Кур Терек" көмөк чордонун.
- Нарын облусунда 35/10 кВ "Талды-Суу" көмөк чордонун;
- Ош облусунда 35 кВ "Абшыр" көмөк чордонун куруу.
"Андан сырткары, жыгач тирөөчтөрүн темир-бетон тирөөчтөргө алмаштыруу, эскирген зымдарды 10 кВ чыңалуудагы 178 чакырым жана 0, 4 кВ чыңалуудагы 410 чакырым СИП маркасындагы өзүн-өзү көтөрүүчү зымга алмаштыруу да пландаштырылууда",-деп айтылат маалыматта.