Өлкө аймагында нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Коом 8 май 2025 15:07
Өлкө аймагында нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 9-11-майда республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Мүмкүн болгон локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.