Лебединовка – ГЭС-5 жолунун курулушу уланууда

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 14:20
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштеринин алкагында жер жумуштары жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аны менен катар курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынууда.

Белгилей кетсек, Лебединовка ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле долбоордо учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат.

Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат. Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө.