Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Сингапурдун командасын жеңди

Спорт Загрузка... 10 Февраль 2025 09:28
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Күн мурун Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин үчүнчү айлампасы жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын Уоккей боюнча улуттук курамасы үчүнчү айлампада Сингапурдун командасы менен ойноп, 11:2 эсебинде жеңди.

Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде уткан эле.

Кийинки мелдеште Гонконг курама командасы менен ойнойт. Оюндар бүгүн, 10-февраль күнү Бишкек убакытысы боюнча саат 19:00 дө башталат.