Кыргызстанга Россиядан 671 миң окуу китеби келди

Билим 142 13 Август 2026 12:20
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын мектептерине Россиядан 671 миң нуска окуу китеби жеткирилди. Адаптацияланган окуу китептери "Орус тили жана окуу" предмети боюнча жалпы билим берүү уюмдарына берилет.

Китептерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү аземи окуу адабияттары сакталган кампада өттү. Ага Билим берүү министрлигине караштуу "Окуу китеби" басмаканасынын директору Төлөгөн Аматов жана "Менин тарыхым" фондунун эл аралык ишмердүүлүк департаментинин жетекчисинин орун басары Павел Гнидин катышты.

Жаңы окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердин 1-, 2- жана 5-класстарынын окуучуларына арналган. Китептер эки өлкөнүн басмаканалары тарабынан Кыргызстандын жаңыланган мамлекеттик жана предметтик стандарттарын, ошондой эле билим берүү программаларын эске алуу менен биргеликте иштелип чыккан.

Маалыматка ылайык, келген китептердин саны алдыдагы окуу жылында өлкө мектептеринин аталган предмет боюнча окуу китептерине болгон муктаждыгын толугу менен жабат.

2.webp

Долбоор "Менин тарыхым" гуманитардык илимдерди колдоо фонду жана "Просвещение" басмаканасы тарабынан Кыргызстандын жана Россиянын билим берүү министрликтеринин колдоосу менен ишке ашырылууда. Демилге эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын жана гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө багытталган.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, жакынкы күндөрү келген окуу китептеринин бардыгы Кыргызстандын бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге бөлүштүрүлүп, жеткирилет.