Кыргызстандын мектептери 12 жылдык билим берүүгө өтө баштайт

Билим Загрузка... 11 Февраль 2025 17:52
1480418.63f530a9c6280346caa45df2effea31a.jpg
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан тарта Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча окууну баштайт.

Ведомстводон билдиришкендей, окууга менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тартылды.

Окуу бекитилген график боюнча өткөрүлөт. Тренингдин жыйынтыгында ар бир мектеп ата-энелер чогулушун өткөрүп, улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат беришет.

Зарылчылыкка жараша боло турган өзгөртүүлөр жөнүндө кошумча маалымат берилет.