Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия жана Дүйнө чемпионаттарына даярдык көрүүдө.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, учурда мушкерлер Чолпон-Ата шаарындагы "Дөлөн" спорт базасында окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө.
10-июнда башталган окуу-машыгуу жыйыны 25-июнда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 50 кг Анваржон Ходжиев, Бекзат Эргешов;
- 55 кг Зафарбек Камилов, Санжай Сейдакматов, Азизбек Ходжиев;
- 60 кг Тургунбек Иманкадыров, Ислам Төрөбаев, Рыспек Бектенов, Баяман Азизбек уулу, Анарбай Мырзабаев, Омат Белекбаев
- 65 кг Мирзохид Имаманазаров, Омар Ливаза, Аскат Чомонов, Алмаз Орозбаев,
- 70 кг Ихтияр Нишанов,
- 71 кг Сыргак Абдыжапар уулу, Элдар Турдубаев,
- 75 кг Нурадин Рустамбек уулу, Даниель Абдрахманов,
- 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу, Сагын Сатыбалды уулу, Мухамедазиз Закиров;
- 85 кг Азим Чойбеков,
- 86 кг Эркин Адылбек уулу;
- 92 кг Тыныстан Алыбаев;
- +92 кг Закир Кошалиев;
- Улан Сагынбаев машыктыруучу;
- Акыйкат Абаев улук машыктыруучу;
- Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу машыгуу жыйыны Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2025-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.