Кыргызстанда жарандык авиация кызматкерлерине жаңы үйлөрдүн курулушу башталды

Бизнес 9686 14 Ноябрь 2025 16:42
IMG_3291.JPG
IMG_3297.JPG
IMG_3295.JPG
IMG_3296.JPG
IMG_3294.JPG
IMG_3293.JPG
IMG_3290.JPG
IMG_3289.JPG
IMG_3288.JPG
IMG_3292.JPG
IMG_3287.JPG
Алдыга
Артка
IMG_3291.JPG
IMG_3297.JPG
IMG_3295.JPG
IMG_3296.JPG
IMG_3294.JPG
IMG_3293.JPG
IMG_3290.JPG
IMG_3289.JPG
IMG_3288.JPG
IMG_3292.JPG
IMG_3287.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бүгүн биз жарандык авиация кызматкерлери үчүн заманбап турак жай комплексинин курулушуна капсула салдык. «Бүгүн биз кызматкерлер үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүгө дагы бир маанилүү кадам таштадык. Бул биз үчүн эң маанилүү социалдык долбоорлордун бири». деди «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы.

Биз Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы менен 23 даана тогуз кабаттуу турак жай блокторунун курулушун баштап жатабыз. Жалпы 1035 батир Кыргызстандын авиациясынын коопсуздугун жана туруктуу иштөөсүн камсыздап турган кызматкерлер үчүн салынууда.

Турак жай комплексинде төмөнкүлөр каралган:

* көрктөндүрүлгөн короо жай,

* заманбап балдар аянтча,

* эс алуу жана автоунаа токтотуучу жай,

* социалдык инфраструктура объектилери.

Бул үйлөр жөн гана турак жай эмес — бул жарандык авиациянын туруктуулугун сактап, татаал шарттарда иштеп, жогорку кесипкөйлүк деңгээлин кармап, Кыргызстанды татыктуу көрсөтүп жүргөн адамдарга болгон урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын символу. «Кыргызстан аэропорттору» ААК мындан ары да социалдык долбоорлорду системалуу түрдө өнүктүрүп, инфраструктураны чыңдоо менен, Кыргызстан жарандык авиациясын мүмкүнчүлүктөргө, өсүүгө жана кең келечектерге толгон тармак катары сактап калууга умтулат.