Бишкек, 07.02.25. /Кабар/.Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алсак,
- Бишкек шаарында – 2;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 3.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.