Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 6 февраль 2025 09:27
Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.02.25./Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак,

- Бишкек шаарында – 3;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.