Өлкөдө электр энергиясын керектөө көбөйдү: Касымалиев негизги себептерин атады

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 16:25
Elektr.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Учурда электр энергиясынын көп сарпталып жаткандыгынын себеби экономикабыз өсүп, аны менен катар керектөө көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Касымалиев “Кабар подкастка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экинчиден ысык аба ырайына байланыштуу кондиционерлер да көп колдонулууда.

“Былтыркы керектөө менен быйылкыны салыштырсак, электр энергиясын колдонуу көбөйүп кетти. Жайында күн катуу ысыганда электр зымдары да ысып, токту өткөрүмдүүлүгү азайып калат экен. Электр көп талап кылынганда өткөрүмдүүлүгү азайып калган чубалгы авариялык абалга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан кээ бир жерлерде электр энергиясын өчүрүүлөр да болуп жатат. Негизинен бул тармакта көп жумуштар жүрүп, күн электр станциялары курулууда. Электр чубалгыларын да жаңы курушубуз керек. Себеби, чыгарган электр энергияны жетиштүү деңгээлде жеткирүү зарыл”,- деди Касымалиев.

Мурда электр тармагынын карыздары миллиарддаган сомдор болсо, акыркы 3-4 жылдын ичинде дээрлик карыздар жабылып, мүмкүнчүлүктөр кеңейгендигин минкаб төрагасы өз сөзүндө белгиледи.

“Мурда электр тармагынын карыздары миллиарддаган сомдор болчу. Акыркы 3-4 жылдын ичинде карыздарын биз жаап капиталдаштырып, азыр мүмкүнчүлүктөрү кеңейип калды. Чоң гидроэлектр станцияларын да курабыз. Камбар-Ата 1 ГЭСин да куруп алсак, электр энергиясына көз карандылык бизде жоюлат”,- деди Касымалиев.

Ошондой эле минкабдын тескемесине ылайык, азыр министрлер кабинетинде кызматкерлер кондиционерсиз көйнөкчөн иш алып барып жатышканы кошумчаланды.

Касымалиевдин айтымында, бул да болсо электрди үнөмдөөгө салым болмокчу.