Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 10 февраль 2025 09:09
Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 6;

- Ош облусунда – 2;

- Чүй облусунда – 3;

- Жалал-Абад облусунда – 2;

- Ысык-Көл облусунда – 1;

- Баткен облусунда – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 19 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.