Кыргызстанда 40 миңден ашуун чет элдик студент билим алат

Билим Загрузка... 10 Июль 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-07-10 at 15.25.44.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда 40 миңден ашуун чет элдик студент билим алат. Бул тууралуу Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборунун ишмердүүлүгүнө арналган брифингде илим, билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурусбек Козуев билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттердин саны өсүүдө. Буга байланыштуу студенттерди кабыл алуу механизмин бирдиктүү тартипке келтирүү, документ тапшыруу процессине көмөк көрсөтүү жана өлкөнүн жогорку окуу жайлары тууралуу маалыматтарда дүйнө жүзүнө таратуу максатында атайын борбор жана портал түзүлдү.

“Чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн атайын EDUGATE маалыматтык портал ишке киргизилди. Ал аркылуу талапкерлер окууга тапшыруу боюнча керектүү маалыматтарды алып, андан ары да ар тараптуу колдоого ээ болушат. Борбор виза маселелери, жатакана жана жашоо-шарттарын жакшыртуу боюнча да жардам көрсөтөт”,-деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгүн Индиянын жарандары түзөт. Учурда бул өлкөдөн 18 миңден ашуун студент билим алууда. Андан кийинки орундарда Пакистан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан келген студенттер турат. Жалпысынан Кыргызстанда дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинен келген студенттер билим алышат.