Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылы 100гө жакын кино тартылды. Бул тууралуу Креативдүү индустриялар паркынын байкоочу кеңешинин башчысы Данияр Аманалиев Бишкекте өтүп жаткан "B5+1" форумунда билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы андан да көп кино тартылары күтүлүүдө.
"Кыргызстанда кино тармагы акыркы жылдары абдан өнүгүүдө. Баарыбызга маалым болгондой, кыргыз тасмалары көп тартылып жатат. Мамлекет да кино тартууга каражат берет бирок, негизги каражат жеке инвесторлордон келип жатат. Демек, бул туура экономика. Көптөгөн өлкөлөрдө кино бул саясат болгондуктан мамлекет каражат бөлөт. Ал эми, Кыргызстанда бул тармакка каражат жеке ишкерлерден келип жатат. Жеке инвестор эмне үчүн акча берет? Анткени, акчаны кайра пайдасы менен алат", - деди Аманалиев .
Ошондой эле ал негизи Борбор Азияда Ютубдан алынган 5 бриллиант кнопка болсо, алардын бардыгы Кыргызстанда экендигин белгиледи.
"D Billions Ютуб каналы Кыргызстандагы эң чоң компания. Алар 3 жылга жетпей 20 млрд көрүү топтошту. Бул компания Ютубдун рекорддун жаратып өзгөчө белекке ээ болду. Биринчи факт Ютубда эч бир канал 3 жылдын ичинде 20 млрд көрүү топтогон эмес. Экинчи факт бул компаниянын 3 бриллиант кнопкасы бар. Андан башка Кыргызстанда дагы 2 бриллиант кнопка бар. Баарын кошкондо 5 бриллиант кнопка. Негизи Борбор Азияда Ютубдан алынган 5 бриллиант кнопка болсо, алардын бардыгы Кыргызстанда. Демек, Кыргызстанда бир өзгөчөлүк бар. Креативдүү индустриянын эң чоң экспорту бул биринчиден Ютуб", -деди ал.
Андан тышкары, архитектуралык компаниялар абдан тездик менен өнүгүп жаткандыгын кошумчалады.