Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабадда өткөн инвестициялык форумдун алкагында Түркмөнстандын финансы жана экономика министри Мамметгулы Астанагулов менен жолугушту.
Агенттиктен билдиришкендей, анда кыргыз-түркмөн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү, түз ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кызматташуунун келечектүү багыттары катары энергетика, мунай-газ продукцияларын жеткирүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелери каралды.
Равшанбек Сабиров эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы түз диалогду кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи. Тараптар жумушчу диалогду улантып, өз ара кызыкчылык жараткан багыттарда практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты.