Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Кыргызстан Того Республикасы менен кызматташуунун бардык багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар жана Африкадагы келечектүү өнөктөш катары карайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бүгүн кызматташтыкты бекемдеген эки өлкөнүн ортосундагы бир катар келишимдерге кол коюлат.
“Бүгүн биз бир катар маанилүү келишимдерге кол коюп, Кыргызстан-Того кызматташуусун жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарабыз деп терең ишенем. Бул келишимдер инвестиция, айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо, санариптик өнүгүү жана башка тармактарды камтыйт. Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен достук жана өз ара урматтоо принцибине негизделген тышкы саясатын алып баруудабыз”,- деди президент.
Эскерте кетсек, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий сапары менен кечээ, 28-апрелде Кыргызстанга келген.