Кыргызстан ШКУнун Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштады

ШКУ 20 Апрель 2026 18:08
4a6830ec-2a00-412f-83f0-3036af2d04ed.jpg
14db209d-4a89-470a-b066-e091a33bdbf7.jpg
e32ad86a-974f-4c59-a12b-f62b7bc78a98.jpg
94dd0777-3252-452f-b7c2-7c7cdb8fb55e.jpg
95a1cb2f-9f93-416c-a12c-080f3fc341fa.jpg
50a0ec05-e10e-415b-a837-427648ed0629.jpg
Алдыга
Артка
4a6830ec-2a00-412f-83f0-3036af2d04ed.jpg
14db209d-4a89-470a-b066-e091a33bdbf7.jpg
e32ad86a-974f-4c59-a12b-f62b7bc78a98.jpg
94dd0777-3252-452f-b7c2-7c7cdb8fb55e.jpg
95a1cb2f-9f93-416c-a12c-080f3fc341fa.jpg
50a0ec05-e10e-415b-a837-427648ed0629.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX кеңешмесинде Кыргызстан саламаттык сактоону башкаруу тармагында компетенциялар менен алмашуу үчүн ШКУнун Диалогдук платформасын түзүү демилгесин сунуштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, демилге ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда системалуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашуу үчүн туруктуу онлайн-эксперттик аянтчаны түзүүгө багытталган.

Платформа тематикалык талкууларды өткөрүүнү, улуттук тажрыйбалар менен алмашууну жана онлайн форматта биргелешкен демилгелерди координациялоону камтыган туруктуу өз ара аракеттенүү механизми болот деп күтүлүүдө.

Кеңешменин катышуучулары бул демилгени колдоп, анын ШКУнун алкагында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин белгилешти.

Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары саламаттык сактоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган туруктуу кызматташтык механизмдерин түзүүнүн маанилүүлүгүн айтты.