Кыргызстан менен Өзбекстан билим берүүдө жаңы кадам жасоодо

Билим Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. III Кыргыз-Өзбек ЖОЖ ректорлорунун форумунун алкагында Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстандын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Конгратбай Шарипов эки өлкөнүн ЖОЖдоруна байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты.

Министрликтен билдиришкендей, алардын катарында ЖОЖдордун ортосунда академиялык кредиттерди өз ара таануу боюнча макулдашуунун долбоору болду.

Ошондой эле тараптар студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Андан сырткары, министрлер билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.