Кыргызстан менен Венесуэланын ортосунда кызматтык жана диппаспорт ээлери үчүн виза жокко чыгарылат

Президент Загрузка... 28 Февраль 2025 09:45
4940c36dde33b9c8075ce604840e7f04.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Венесуэла Боливар Республикасынын жарандарынын – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү жана болуу үчүн визалык талаптардан 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган. 

Макулдашууну ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандарды – дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.