Кыргызстан менен Черногориянын диппаспорт ээлери визалык талаптардан бошотулду

Саясат Загрузка... 14 Май 2025 15:19
3.png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек,14.05.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-майынан тарта Кыргызстандын менен Черногориянын дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү макулдашууга 2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Черногориянын өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган.

Документке ылайык, Кыргызстан менен Черногориянын – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери, макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, транзит менен өтүү жана болуу үчүн визалык талаптардан биринчи кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат.