Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Черногория туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюшту.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, документке 13-октябрда Черногорияда өткөн "Европа – Азия" жогорку деңгээлдеги аймактар аралык туристтик форумунун алкагында кол коюлду.
Келишим туристтик агымды көбөйтүүнү, биргелешкен маршруттарды иштеп чыгууну, тажрыйба алмашууну жана адистерди даярдоону камтыйт.
Жолугушууда тараптар Черногориянын туризмди өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана мейманкана бизнесин өркүндөтүү боюнча тажрыйбасын талкуулашты. Кыргыз тарап бул тажрыйбаны өлкөнүн туризм тармагында колдонууга кызыкдар экенин билдирди.
Келишим эки өлкөнүн туристтик байланыштарын кеңейтүүгө жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде биргелешип жайылтууга багытталган.