Кыргызстан менен Черногориянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу талкууланды

Коом 4 сентябрь 2026 11:05
Кыргызстан менен Черногориянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу талкууланды
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04. 09.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде өз ара туристтик алмашууну көбөйтүү, эки өлкөнүн туристтик потенциалын илгерилетүү, түз аба каттамдарын өнүктүрүү жана жарандардын өз ара сапарлары үчүн шарттарды жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.

Медер Абакиров акыркы жылдары Кыргызстандын туризм тармагынын динамикалуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, өлкөнүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу боюнча олуттуу потенциалы бар экенин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу ал туризм тармагында ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор, анын ичинде Ысык-Көлдө "Ала-Тоо Резорт" көп функционалдуу туристтик комплексинин курулушу тууралуу маалымат берди.

Симонида Кордич Черногория тараптын Кыргызстан менен туристтик байланыштарды активдештирүүгө жана бул багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде маданият чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга жана практикалык кадамдарды жасоого, ошондой эле эл аралык аянтчаларда өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырасташты.